Оштогу Нооруз майрамына өкмөт башчысы Өмүрбек Бабанов катышты

Оштун борбордук аянтында Ноорузга арналган майрамдык иш-чара өттү. Ош облусунун тургундарын бүгүнкү майрам менен премьер-министр Өмүрбек Бабанов, облус губернатору Сооронбай Жээнбеков жана шаар мэри Мелис Мырзакматов куттукташты. Аба ырайына байланыштуу майрамдык иш-чара облустук драмтеатрдын ичинде өткөрүлмөк, бирок күн ачылып кеткендиктен майрам аянтта өткөнүн, элдин маанайы көтөрүңкү экенин кабарчыбыз маалымдайт. (ErN/RK)