Аянтта Ноорузга карата илинген жазуулар жарактан чыкты

Бишкектин борбордук Ала-Тоо аянтында Ноорузга карата илинген жазуулардын айрымдары катуу шамалдын айынан жарактан чыкты. Бул тууралуу шаар мэриясынын маалымат кызматынан кабарлашты. Аларды кайра жасоого 247 миң сом талап кылынаары айтылууда. Ала-Тоо аянтын кооздоого быйыл шаар бюджетинен 750 миң сом бөлүнгөн. Адатта өлкө жетекчилиги катышкан майрамдык иш чаралар 21-мартта Бишкектин борбордук аянтында өтөт. (RK)