Беларуста эки киши жогорку жазага тартылды

Беларустун маалымат каражаттары билдиргендей, Европадагы укук коргоочулардын нааразылыгына карабастан, 2011-жылдагы кандуу чабуул боюнча кесилген Уладзислау Кавалйоу менен Дзмитри Канавалау өлүм жазасына тартылды. Экөө тең 26 жашта болгон.

Кавалйоунун энеси Любоу Кавалйова уулунун өлүмү президент Лукашенконун өч алуусу болуп калгандыгын билдирди:

Акыры ушундай болмок. Бийликтер балдарды коркутуп, алар унчукпай калат деп ойлошкон. Аларды былтыр ноябрда эле өлтүрүшмөк, бирок менин балам ага жол бербеди, эми алар уулуман да, менден да акыры өч алып тынышты.

Германиянын тышкы иштер министри Гидо Вестервелле беларус бийликтеринин бул кадамын сынга алды.

Минск метросундагы бомба жардыруусунда 15 кишинин өмүрү кыйылып, ондогон киши жараат алган. Европада бир гана Беларуста өлүм жазасы сакталып кала берүүдө.