КСДП тышкы саясатты президент жүргүзүшүн колдойт

Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясы спикер Асылбек Жээнбековдун Кыргызстандын тышкы саясатын жүргүзүү укугун президентке берүү сунушун колдоду.

«5 жылдык мөөнөткө шайланган Жогорку Кеңеш коалициялар туруктуу болбойт. Ошондуктан туруктуу шайланган президент өлкөнүн тышкы саясатын жүргүзүүгө тийиш»,- деген эле жума күнкү жыйында Жээнбеков.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев мурда КСДП партиясын жетектеген. Жогорку Кеңештин мындан мурунку төрагасы Акматбек Келдибеков Кыргызстан парламенттик өлкө экенин баса белгилеп келет.