Түркия Сириядагы жарандарын мекенине кайтууга үндөдү

Түркия Сириядагы жарандарын ал өлкөдөн мүмкүн болушунча тезирээк чыгып кетүүгө үндөдү. Түрк тышкы мекемеси Сириядагы козголоң “олуттуу коопсуздук маселелерин” пайда кылып жатканын айтып, эмки жумадан тартып элчиликтеги консулдук бөлүмдү жабаарын билдирди. Премьер-министр Режеп Таип Эрдоган өкмөт Дамаскидеги элчини чакыртып алууну караштырып жатканын маалымдады. Түрк расмий булактарынын ырастоосунда, шаршембиден бери чек арадан Түркия жакка сириялык миңдей качкын өттү. Сириядан агылган качкындардын жалпы расмий саны ошону менен 14 миңдей кишиге жетти. БУУнун болжолдуу санактарына караганда, былтыртан бери Сирияда 8 миңдей киши набыт кетти, 230 миңге жакын сириялык жер которууга аргысыз болгон.