Ош – Сары-Таш – Эркештам жолу убактылуу жабылды

Оштун Алай районундагы Ош – Сары-Таш – Эркештам унаа жолунун 178-чакырымында бүгүн эртең мененки саат сегиздерде көлөмү 1000м3 кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлайт. Жолду тазалоого тиешелүү техника тартылууда. (RK)