Нарын: Табигый кырсыктан жабыркаган аймактар текшерилет

Чукул кырдаалдар министри Кубатбек Боронов ушу тушта Нарында иш сапар менен жүрөт. Аталган министрликтен билдиришкендей, Боронов табигый кырсыктан жабыркаган аймактарда болот. Бүгүн Жумгалга барып Миң-Куш шаарчасындагы чукул кырдаалдар, алардын алдын алуу, кесепетин жоюу иштери менен таанышат. (EBM)