Израил менен Палестина ок атышууну токтотту

Израил жана палестиналык топтор ок атышууну токтотуу жөнүндө макулдашууга жетишти. Бул жөнүндө сүйлөшүүлөргө арачылык кылган Египет бийлиги билдирди. Бирок жаңжалдашкан тараптар бул маалыматты расмий тастыктай элек. 9-мартта Израилдин аба соккусунан палестиналык согушкер топтун жетекчиси мерт болгондон кийин аймактагы абал кайрадан курчуп кеткен.

Палестиналык доктурлардын ырастоосунда, ошондон бери Израилдин аба соккуларынан Газа тилкесинде кеминде 25 киши каза тапты. Палестиналык согушкерлердин ракета атууларынан каршы тарапта 35тей киши жараат алганы маалымдалган. Дүйшөмбүдө Жакыңкы Чыгыш жаңжалын жөнгө салуу боюнча төртилтик – Россия, АКШ, БУУ жана Евробиримдик Палестина жана Израилди "провокациялык иш-аракеттерди" токтотууга үндөгөн.