Орусиянын түштүгүндө 9 согушчан жок кылынды

Орусиянын түштүгүндө согушчан деп шектелген тогуз адам жок кылынды. Расмий маалыматта: беш согушчан эркек жана бир аял согушчан Кабардино-Балкарияда дүйшөмбү күнү өткөрүлгөн операцияда атып өлтүрүлгөн. Согушчан деп шектелген бир аял колго түшүрүлгөн. Дагестандын байтакты Махачкалада болгон аткылашууда козголоңчу деп шектелген эки эркек жана бир аял жок кылынган.