Былтыр дал ушул күнү бул өлкөдө катуу жер титирөө жана цунами болуп, натыйжада 19 миң адамдын өлүмүнө алып келген. Бүгүн ошол трагедиянын бир жылдыгы белгиленүүдө. Жаратылыш кырсыгынын айынан “Фукушима-Дайичи” атомдук электро странциясында радиоактивдүү зат абага таркап, бул соңку чейрек кылымдагы эң эле оор ядролук кризисти жараткан. Ушул сааттарда негизги эскерүү иш-чаралары Токиодогу Улуттук театрда өтүп жатат жана ага Жапониянын императору Акихито менен премьер-министри Йошихико Нода катышууда. Эскерүү иш-чаралары бүгүн өлкө боюнча өткөрүлмөкчү. Күчү 9 баллга жеткен зилзаладан кийинки кырсыктарда үй-жайсыз калгандардын 325 миңи азырга чейин убактылуу үйлөрдө жашап жатышат.