17-март Аксы окуясын эскерүү күнү деп жарыяланды

Мындай жардыкка мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгонун анын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Аксы окуясынын 10 жылдыгына карата Жалал-Абаддын Аксы районунда эскерүү иш-чаралары уюштурулат. 17-март күнү 12:00дө өлкө боюнча бир мүнөттүк үндөбөй эскерүү болот.

2002-жылдын 17-мартында Аксы районунда ошол учурдагы депутат Азимбек Бекназаровдун камалышына нааразы болгон жергиликтүү калк менен укук коргоо кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болуп, анда алты адам окко учкан. (KKs)