Астрономдордун кабарына караганда, акыркы күндөрү Күндө таптын күчөгөнү күн бороонун пайда кылган. Анын айрым бөлүктөрү бүгүн Жер атмосферасына жетет. Ал бороон Жердин магнит катмарына да таасирин берет да, муну чөнтөк телефондордун, энергетикалык системалар менен навигациялык аппараттардын ишинде үзгүлтүк пайда болушунан байкаса болот.