Москвада 50 миң адам Путинге каршы митингге чыгат

Москва шаардык бийлиги Владимир Путиндин үчүнчү мөөнөт президенттикке шайланганына каршы 50 миңге чейин адам катышкан демонстрация өткөргөнгө уруксат берди. Москванын вице-мэри Александр Горбьенконун “Эхо Москвы” радиосуна айтышынча, нааразылык акциясы 10-мартта Арбат аянтында болот. Орус оппозициясы 4-декбардан 4-мартка чейин Путиндин кайра президент болуусуна каршы үч ирет он миңдеген адам катышкан митинг өткөргөн.

Путин жекшемби күнкү жалпы элдик шайлоодо 64 процент добуш менен үчүнчү жолу президент болуп шайланган.