Армениялык ырчылар Бакуга "Евровидение" сынагына барбайт

Армения майда Бакуда өтчү “Евровидение-2012” конкурсуна бойкот жарыялайт. Бул жөнүндө Армениянын коомдук телеканалынын директору Гагик Бунатян билдирди. Февралда 20 чакты армениялык ырчы Армения-Азербайжан чек арасында армян жоокер ок жаңылып өлгөнүн айтышып, “Евровидение” сынагына катышууну каалашпаганын билдирген коллективдүү кат жарыялаган эле. Тоолуу Карабах чатагына байланыштуу Азербайжан жана Армения жыйырма жылдан бери тирешип келет.