Баалуу дарактарды кыюуга бөгөт койгон мыйзам жактырылды

Кыргызстандагы жаңгак жана арчанын түрлөрүн кыйып, сатууга, экспорттоого жана импорттоого тыюу салган мыйзам долбоорун бүгүн депутаттар биринчи окууда жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирүүдө. 2007-жылы баалуу дарактарды кыюуга бөгөт койгон мыйзам кабыл алынган. Бирок ал мораторийдин мөөнөтү быйыл аякташы керек эле. Эгер жаңы мыйзам долбоору үчүнчү окуудан кабыл алынса, мораторий дагы беш жылга узартылмакчы. Кыргызстандын 5 районунда жаңгак жана мөмө токойлору жайгашкан. Аларда баш аягы 15 токой чарба мекемелери иштеп келет. (KKs)