Мендес: Кыйноолордун алуу үчүн мыйзамдарга реформа керек

Бириккен Улуттар Уюмунун кыйноолор боюнча баяндамачысы Хуан Мендес Кыргызстанда камактагыларга жасалган зомбулукту алдын алуу үчүн мыйзамдарды өзгөртүүгө чакырды. Тышкы иштер министрлигинен кабарлашкандай, Мендес мындай билдирүүсүн кечээ БУУнун адам укуктары боюнча кеңешинин кезектеги жыйынында билдирди. Мындан тышкары кыйноо фактылары боюнча түшкөн арыз дооматтарды тез арада териштирүү зарылчылыгын белгиледи.

Өткөн жылдын декабрь айында Кыргызстанга келип кеткен атайын баяндамачы кыргыз бийлигинин кыйноолорго каршы саясий эркин кубаттап, бул маселени чечүү үчүн эл аралык коомчулукту Кыргызстанга каржы жана техникалык жактан жардам көрсөтүүгө чакырды. (KKs)