БУУ: табигый кырсыктардын кесепетин жоюуга өтө көп каражат сарпталды

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мундун атайын өкүлү Маргарета Вальстром билдиргендей, 2011-жылы Жапониядагы жер титирөө жана суу каптоодон кийинки калыбына келтирүү иштерине эң көп каражат сарпталды. Жапонияда жалпысы 380 миллиард АКШ доллары коротулган, бул сумма 2005-жылдагы АКШнын түштүгүндөгү “Катрин” ураганынан кийинки калыбына келтирүү иштерине бул каражаттын үчтөн эки бөлүгү сарпталган. Өткөн жылдагы чоң жаратылыш кырсыктары деп Жаңы Зеландиядагы зилзала жана Таиланддагы суу ташкыны белгиленди.