Москвада оппозиционерлерди милиция кармап кетти

Кечээ Владимир Путинге каршы башкалаанын Пушкин аянтына нааразычылык акциясына чыккан миңге чукул киши милиция тарабынан кармалганын Мамлекеттик думанын депутаты Илья Пономарев журналисттерге маалымдады. Москва шаардык милициясы кармалгандардын саны 250 экенин билдирүүдө. Алардын арасында Сергей Удальцов, Алексей Навальный, Илья Яшин жана башка оппозиция лидерлери да бар. Лидерлер кармалгандан кийин толкуган демонстранттарды ОМОН күч менен таратууга аракет жасап, көздөн жаш агызчу түтүн жана атайын каражаттарды колдонду. “Путинсиз Орусия” деп ураан чакырган 300дөй адам Пушкин аянтына, акцияга чыккандардын дагы бир тобу Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратын көздөй жөө жүрүш уюштурушту.

“Интерфакс” маалымат агенттиги оппозиционер Алексей Навальныйга массалык акция уюштурууда тартип бузганы үчүн айып пул салынганын жазып чыкты. Ал ортодо АКШнын Орусиядагы элчиси Майкл Макфол Пушкин аянтындагы массалык кармоолорго кабатырлануусун билдирди.