Чакан насыя берген компаниялардын иши талданат

Бүгүн Бишкекте “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясы өлкөдөгү чакан насыя берген компаниялар жана аларга карата айтылган дооматтарды талкуулайт. Иш-чарага видеобайланыш аркылуу Нарын, Талас облустарынын жана Балыкчы шаарынын тургундары катышат. Коалициянын маалыматына ылайык, талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары Улуттук банктын жана насыя берген компаниялардын өкүлдөрү да келет. (EBM)