Ош: шайлоочулардын 6,1 пайызы добуш берди

Ош шаардык кеңешке депутаттарды шайлоодо саат 10го карата 7 миң 400дөн ашуун адам добуш берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” аймактык шайлоо комиссиясынын төрайымы Саадат Маматалиева билдирди.

Ошто 123 миңден ашуун шайлоочу бар. Шаарда 73 шайлоо бекети ачылды. (SE)