Бүгүн Кыргызстандын Бириккен Улуттар уюмуна мүчө болгонуна 20 жыл толду. Ага карата бүгүн Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратып, Кыргызстандын бул уюм бул мүчө болушу өлкөдөгү демократиянын калыптанышын шарттаганын билдирди. 1992-жылы 2-мартта Бириккен Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясында Кыргызстандын мүчөлүгү бир добуштан кабыл алынган. (KKs)