Тува парламенти президентти шайлады

Туванын парламенти Шолбан Кара-ооланы дагы беш жылдык мөөнөт менен мамлекет башчысы кылып бекитти. Анын талапкерлиги Орусия президенти Дмитрий Медведев тарабынан сунушталган болчу. Кара-оол Туваны 2007-жылдан бери башкарып келген, анын президенттик мөөнөтү апрел айында аяктаган.