Кыргыз өкмөтү дүйнөдөгү тез өнүккөн аба компаниялардын катарына кирген Qatar Airways менен бирдиктүү компания түзүү маселесин талкуулоодо. Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүн премьер-министр Өмүрбек Бабанов аталган компаниянын вице-президенти Али ал-Раис менен Бишкекте жолугушуусунда эки тараптуу комиссиянын алкагында жаңы аба компания түзүү демилгеси көтөрүлдү. Өкмөт башчы Кыргызстанда аба каттамдарын кеңейтүү, өзгөчө Европа жана Түштүк-Чыгыш Азияга жаңы каттамдарды ачуу зарылчылыгы бар экенин белгиледи. Катар мамлекетине таандык Qatar Airways компаниясы дүйнөдөгү эң мыкты 25 аба компаниянын катарына кирет. (KKs)