Жеңил өнөр жай боюнча эл аралык жарманке өтөт

Бүгүн Бишкекте “Мода өнөр жайы-2012” деп аталган эл аралык жарманке ачылат. Анда Кыргызстанда тигилген кийим-кечелер, тигүү жабдуулары сатыкка коюлат. Иш-чарага президент Алмазбек Атамбаев катышмакчы.

Кыргызстанда жеңил өнөр жай аздыр-көптүр өнүккөн тармак болуп саналат. Кыргызстанда тигилген кийим-кечелердин басымдуу бөлүгү Казакстан менен Орусияда сатылат. (EBM)