Кыргыз депутаттары орус президентин шайлоого байкоо салат

Жогорку Кеңештин эки депутаты КМШ Байкоочулар миссиясынын курамында Орусияда 4-мартта өтө турган шайлоого байкоочу болот. Алардын бири “Ата-Журт” депутаттык фракциясынын жетекчиси Камчыбек Ташиев Москва шаарындагы шайлоого, “Ата Мекен” депутаттык фракциясынын өкүлү Гүлниза Бейшенбаева Санкт-Петербург шаарындагы шайлоого байкоо жүргүзөт. Орусияда президенттик шайлоо 4-мартта өтөт. Кыргызстанда орус жарандары үчүн төрт шайлоо бекети ачылат. (KKs)