Оппозиция бийликке 15-мартка чейин убакыт берди

Камчыбек Ташиев, Акматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров баштаган оппозиция лидерлери Оштогу митингден кийин маалымат жыйынын өткөрүшүп, талаптарынын аткарылышы үчүн бийликке 15-мартка чейин убакыт беришкенин билдиришти. Болбосо Кыргызстандын бардык аймактарында нааразылык акциялары башталарын айтышты. Негизинен оппозиция бүгүн кабыл алган кайрылуусунда, Кыргызстанда өкмөт кетип, жаңы кесипкөй өкмөт түзүлүшүн, апрель жана июнь окуяларынын күнөкөөрлөрү жазаланышын жана 1993-жылкы Конституция кайра кайтарылышын жана алдыдагы шайлоону тынч өткөрүүнү талап кылышты. (ErN/KKs)