Аманова: Убактылуу кармоо жайлары каржыланбай жатат

Жалал-Абад облусундагы убактылуу кармоочу жайларда жаткандардын тамак-ашы үчүн январь айынан бери каражат бөлүнө элек. Бул тууралу акыйкатчынын облустагы өкүлү Алима Аманова билдирди.

Облустук ички иштер башкармасынын каржы-чарба бөлүмүнүн башчысы Абдыгапар Маткасымов бул маалыматты тастыктап, эки баскычтуу каржылоого өткөндүгүнө байланыштуу облустун Сузак, Базар-Коргон, Токтогул, Аксы райондору өздөрүндө турган убактылуу кармоо жайларын каржылоодон баш тарткандыгын билдирди. Анын айтымында, бул жайларда кармалгандардын тамак-ашын мурда келишими бар уюмдар карызга берип жатышат.

Аталган төрт райондогу убактылуу кармоочу жайлардын тамак-аш карызы 200 миң сомдон ашып кетти. Ал эми Жалал-Абад шаары менен Ала-Бука райондорундагы жайлар Ички иштер министрлиги тарабынан каржыланууда. (YA)