Шайлоо өтчү аймактарда милиция күнү-түнү иштейт

Бүгүнтөн баштап Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл облустары менен Ош шаарында милиция күчөтүлгөн тартипте иштей баштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Бакыт Сейитов билдирди.

Аталган аймактарда 4-мартта жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. (EBM)