Жапаров: мамлекеттик чыгымдар кескин азаят

Каржы министри Акылбек Жапаров 2012-жылдын бюджет долбоору тууралуу парламентке маалымат берип жатып, быйыл мамлекеттик аппараттын чыгымдары кескин азаярын белгиледи. Анын айтымында, 2011-жылы бюджеттик чыгымдардын 6,9 пайызы мамлекеттик аппаратты каржылоого кеткен болсо, быйыл бул көрсөткүчтү 3,6 пайызга чейин кыскартуу сунушталууда. Натыйжада аппараттын кызматкерлери кыскарып, 2 миллиард сомго чейин каражат үнөмдөлгөнү жатат. Бул жылкы бюджеттин долбооруна ылайык, бюджеттин чыгаша бөлүгү 95 миллиард сомдун тегерегинде болот. Киреше бөлүгүнө салыштырмалуу, бюджеттик тартыштык 16,5 пайызды түзөт. (KKs)