Эртең күн 5-10 градуска чейин жылыйт

Аба ырайын маалымдоочу борбордон билдиришкендей, 2-мартка чейин жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу автожолдорунда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Кар күрткүсү пайда болуп, муз тоңот. Мындан улам кооптуу аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты так кармоо сунуш кылынат.

Аба ырайы:

Эртең Кыргызстандын аймагында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4…-9 градус суук, күндүз 3…8 градус жылуу;
Талас облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 3…8 градус;
Баткенде түнкүсүн -3…-8, күндүз 5…10 градус;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 6…11 градус;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 0…5 градус;
Нарын облусунда түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10 градус;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25, күндүз -8…-13 градус;
Тоолордо түнкүсүн -25…-30, күндүз -8…-13 градус суук болот.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, мезгил-мезгили менен туман түшөт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Жолдор тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 2-7 м/с. Абанын температурасы: түнкүсүн -6…-8 градус суук, күндүз 5…7 градус жылуу болот. (KKs)