Жапон тасмаларынын фестивалы өтөт

Бишкекте “Октябрь” кинотеатрында 1-4-март күндөрү жапон тасмаларынын фестивалы болот. Жапониянын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына ылайык, иш-чара эки өлкөнүн дипломаттык алака-катышынын 20 жылдыгына карата уюштурулууда.

Жапония Кыргызстанга гуманитардык жардам көп берген өлкөлөрдөн болуп саналат. (EBM)