Кыргызстан менен Кытай маңзаттарга каршы кызматташат

Маңзаттарды мыйзамсыз ташууга каршы күрөшүү үчүн Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда келишим түзүлөт. Келишимге Кытайдын коомдук коопсуздук министри Мэн Цзянчжу менен Кыргызстандын баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси кол койгону жатат. Бул максатта кечээ кызматтын жетекчилиги Кытайга учуп кетти. Баңги заттарды көзөмөлдөө кызматынын басма сөз борборунан кабарлашкандай, Кытай Кыргызстанга маңзаттарга каршы күрөшүү боюнча атайын техникаларды берүү ниетин билдирүүдө. (KKs)