Өкмөт “Кыргызтелекомду” саттыкка коёт

Кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынын билдиришинче, 2012-2014-жылдар аралыгында мамлекеттик менчиктерди жеке колго берүү боюнча токтом кабыл алынды. Ага ылайык, “Кыргызтелеком” ишканасы саттыкка чыгарылмакчы. Өкмөттүн мурунку токтомунда “Кыргызтелеком” сатылбай турган объекттердин тизмесинде болчу.

Буга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Шамил Атаханов жаңы каржы агымдарын басып алууну көздөгөн күчтөр “Кыргызтелеком” мамлекеттик ишканасын бөлүп-жарып сатып алууга далалат кылып жатканын, ишкана жеке колго өтүп кетсе өлкө коопсуздугуна коркунуч тууларын айтып чыккан эле. (EBM)