1-марттан тарта милиция күчөтүлгөн тартипке өтөт

1-марттан тарта Кыргызстандын Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл облустары менен Ош шаарында милиция күчөтүлгөн тартипте иштей баштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Бакыт Сейитов билдирди. Бул аймактарда 4-мартта жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Буга чейин оппозиция лидерлери 1-марттан тарта бийликке каршы митингдер башталарын жарыялашкан. (KKs)