Мамкызматкерлердин телефонун тыңшоо сунушталууда

Буга байланыштуу мыйзам долбоор өкмөт тарабынан даярдалып, ал Жогорку Кеңешке талкууга берилет. Эгер эл өкүлдөрүнүн колдоосуна ээ болсо, аталган мыйзам долбоор ушул жылдан тартып иштей баштайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” парламенттеги “Республика” фракциясынын лидери, депутат Канатбек Исаев билдирди.

Өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов өткөн аптада Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү үчүн соттун чечимисиз эле мамлекеттик кызматкерлердин телефонун тыңшоо сунушталып жатканын билдирген. Бирок укук коргоочулар бул адам укуктарынын негизги принциптерине каршы келе турганын белгилешүүдө. (КЕ)