АКШ Перс булуңундагы аскерий турумун чыңдоону мерчемдөөдө

АКШнын учак салып жүрүүчү Авраам Линкольн кемеси Ормуз кысыгынан өтүүдө. 14-февраль, 2012-жыл.

Вашингтондон түшкөн кабарларга караганда, Пентагон АКШ мыйзамгерлерине Перс булуңундагы аскерий турум Ирандын Ормуз кысыгын жаап койору жөнүндөгү коркутууларына жооп иретинде чыңдаларын маалымдаган.

Wall Street Journal басылмасы бүгүнкү санында коргонуу мекемесинин расмий өкүлдөрүнө шилтеме жасап жазгандай, Иран Ормуз кысыгын жабары жөнүндөгү коркутуусун ишке ашырууга аракеттенген учур үчүн бул кысыктын айланасында мина табуучу, тазалоочу жаңы жабдууларды пайдалануу, ага катар байкоо салууну жакшыртуу пландын алкагында иш-чараларда бар.

Вашингтондон жогорудагыдай кабар Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик – МАГАТЭ кечээ Иран уранды байытууну чукулунан күчөтүп, иштин көлөмүн үч эсеге көтөргөнүн билдирген кезде түштү.

Иран Ормуз кысыгында деңиз жолун эгер Батыш Иранга каршы жаңы санкцияларды киргизе берген учурда тороп койо аларын эскерткен.

Санкциялар Тегеранды талаштуу өзөктүк программасы боюнча ачыктыкты көргөзүүсүнө, эл аралык инспекторлор менен кызматташууга мажбурлоого багытталган. (UE)