Президент, өкмөт жана парламент кызматташтыгы талкууланат

“Президент, өкмөт жана Жогорку Кеңеш: кызматташтыкпы же атаандаштыкпы?” деген темадагы талкуу бүгүн Бишкек шаарында өтөт. Уюштуруучулардын айтымында, бийлик бутактарынын ортосундагы кызматташуу, айрым келишпестиктердин чыгышы талкууланат. Ага мамлекеттик башкаруу боюнча эксперттер жана аналитиктер, депутаттар, мамлекеттик түзүмдөрдүн, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат. (КЕ)