"Телефон террорчусу" деген шек менен КУУнун студенти кармалды

Атайын кызмат Кыргыз улуттук университетинин студентин "телефон террорчусу" деген шек менен камакка алды. Ал мурдагы түнү Бишкектин 9-кичи районунда жайгашкан "Народный" дүкөнүнө чалып, имараттын ичине бомба катылганын айткан. Ыкчам топтун кызматкерлери текшерүү жүргүзүп, бул маалымат калп экенин аныкташкан. (RK)