Бишкек мэринин уулунун соту болот

Бүгүн Токмок шаардык соту Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркуловдун уулунун ишин карайт. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев “Азаттыкка” тастыктады. 13-февралда соттук жараян жабырлануучулардын келбей калганына байланыштуу бүгүнкүгө жылдырылган болчу.

Былтыр август айында Ысык-Көл - Бишкек жолунда унаа кырсыгынан үч адам каза тапкан. Кырсыкка Азамат Өмүркулов күнөөлүү экени тергөөдө аныкталган. 24-ноябрда Токмок шаардык соту айыпталуучуга жабыркагандардын доосу жоктугун негиз кылып процессти токтоткон болчу. Бул коомчулукта кызуу талкуу жараткан. Бишкек мэри мындан көп өтпөй уулунун ишин кайра кароону талап кылган. (КЕ)