Аламүдүндө Мамкаттоо башчысы пара алды деп шектелүүдө

29 миң доллар пара алды деген шек менен Чүй облусунун Аламүдүн районунун Мамкаттоо башчысы Картаңбек Мусаев жана ушул эле райондогу Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн башчысы Бакыт Мырзабаев кармалды. Алардын баш коргоо чарасы бүгүн Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда аныкталганын "Азаттыкка" Жогорку Соттун маалымат катчысы Бактыбек Рысалиев кабарлады. Анын айтымында, кармалгандар Бишкектеги №1 тергөө абагында 15-апрелге чейин камакта болушат. Иш Кыргызстандын Кылмыш кодексинин "ири өлчөмдөгү пара талап кылуу" беренеси боюнча козголду. Кылмышка шектүүлөр 29 миң долларды Мусаевдин иш кабинетинен алып жаткан жеринен кармалгандары айтылууда. (RK)