Орусияда жол кырсыгына кабылган кыргызстандыктын сөөгү Ошко жөнөтүлдү

Орусиянын Чебаркул шаарында жол кырсыгына кабылган Умиджон Абдугаффаровдун сөөгү 16-февралда Ошко жөнөтүлдү. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Екатеринбург шаарындагы башкы консулу Гүлнура Нарматова билдирди. 22 жаштагы Абдугаффаров ооруканада болчу. Бирок бүт денеси катуу күйүк алгандыктан, сакайып кете алган эмес.

Ошол эле учак менен Кыргызстанга эки жашар Махсума Абдусахабова атасы менен чогуу жөнөтүлдү. Кырсыктаган унаада Махсума апасы Нилуфар Ботырова менен келаткан. Ботырова азыр Челябинск шаарындагы №6 ооруканада жатат. Абалы оор экени айтылууда. Екатеринбургдагы консулдуктун кызматкерлери анын күйөөсүн таап, кызын тапшырып беришти.

1-февралда Москвадан Кыргызстанга келаткан кичи автобус Орусиянын Чебаркул шаарында кырсыкка учураган. Ичинде келаткан 14 кишинин экөө ошол замат мерт болгон. Алтоо бир сыйра медициналык жардам алгандан кийин Кыргызстанга жөнөтүлгөн. Калган беш киши Челябинсктин №6 ооруканасында дарыланып жатышат. (RK)