Ташкент "Википедияны" өзбекче окутпай жатат

Интернеттеги Wikipedia сайтынын өзбек тилдүү бети бир нече жумадан бери Өзбекстанда жабык жана окуганга мүмкүн болбой жатат. “Азаттыктын” Ташкендеги кабарчысынын билдиришинче, он-лайн энциклопедиянын башка тилдердеги материалдары окуганга ачык турат. Сайт эмне үчүн жабык турганы тууралуу Өзбек бийликтери эч кандай билдирүү жасай элек. Wikipedia сайтында болгону өзбек тилинде 7876 макала бар.