ПРООН абактагыларга дары-дармек берет

Бүгүн Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүгүү программасынын (ПРООН) атынан Кыргызстандын Жаза аткаруу кызматына жалпы баасы 500 миң сомдук дары-дармек жана медициналык жабдуу тапшырылат. Жаза аткаруу кызматынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 11 колония, алты тергөө абагы бар. Аларда камалып жаткандардын саны 7,5 миндей киши. (RK)