Кемин: Тилсиз жоо бир өмүрдү жалмады

Чүй облусунун Кемин районундагы Кемин шаарчасында 14-февралда өрт чыгып, бир өмүрдү жалмады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун билдиргенине караганда, Космонавттар көчөсүндө жайгашкан №18 үйдүн 15-батиринин ээси 70 жаштагы Зинаида Ширяеванын сөөгү табылган. Кырсыктын себеби электр жылыткычты пайдалануу эрежелеринин бузулушунда болгону айтылууда. Январ айында Кыргызстанда 11 адамдын өмүрүн кыйган 318 өрт кырсыгы катталган. (RK)