Дене тарбия жана спорт бөлүм башчылар окутулат

Бүгүн Бишкекте шаардык жана райондук дене тарбия, спорт бөлүмдөрүнүн жетекчилерин окутуу башталат. Ырасмий маалыматка ылайык, анда 2011-2016-жылдар аралыгында Кыргызстанда дене тарбия жана спортту өнүктүрүү концепциясы тааныштырылат. Ошондой эле республикалык казынадан каржылоого өтүү боюнча түшүндүрмө берилет.

Союз ыдырагандан кийин Кыргызстанда жер-жерлерде спортко жана дене тарбиясына камкордук кыйла солгундап кеткен. (EBM)