"Акыл Ордонун" жеңүүчүсү Америка университетинде акысыз окуйт

"Акыл Ордо" интеллектуалдык оюнунун орус жана кыргыз тилдеринде чыккан көрсөтүүлөрүнүн баш байгесин алган эки жеңүүчүсү Американын Борбор Азиядагы университетине экзаменсиз кабыл алынып, 4 жыл бою бекер окуйт. Мындай белек аталган окуу жай тарабынан супер-приз катары тартууланууда. Сынакка 15-марттан 15-июнга чейин чыккан көрсөтүүлөр катышат. Телетаймаш коомдук биринчи телеканалдан көрсөтүлөт. Ага Кыргызстандын мектептеринде жогорку класстарда окуган улан-кыздар катышат. Америка университети Кыргызстандагы эң кымбат, бирок ошого жараша эң сапаттуу билим берген, коррупциясы жок жогорку окуу жай катары таанымал. Анда 19 мамлекеттен келген 1200 бала окуйт. (RK)