Ички иштер министрлигинин 10-башкармалыгынын түштүк аймагы боюнча жетекчи орун басары Станбек Бакировдун “Азаттыкка” маалымдашынча, Жалал-Абадда “Хизб-ут-Тахрир” уюмунун мүчөсү деп шектелген тогуз адам кармалды. Алардын бирөө Сузак районундагы мечиттердин биринин имамы. Кармалгандарды тинткенде тыюу салынган маалыматтар бар ноутбуктар, китептер, баракчалар чыккан.
Ырасмий маалымат боюнча, былтыр Ош, Жалал-Абад жана Баткенде диний экстермизмге байланыштуу кылмыш беш пайызга көбөйгөн. (EBM)
Ырасмий маалымат боюнча, былтыр Ош, Жалал-Абад жана Баткенде диний экстермизмге байланыштуу кылмыш беш пайызга көбөйгөн. (EBM)