Дыйкандар жеңилдетилген насыя ала баштайт

Бул тууралуу Каржы министри Акылбек Жапаров 13-февралда Жогорку Кеңеште Агрардык саясат, суу ресурстары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу комитетинин жыйында билдирди. Анын айтымында, 7 пайыздык жеңилдетилген насыялар келерки жумада бериле баштайт. Бул үчүн казнадан бир миллиард сом бөлүндү.

Кыргыз өкмөтү дыйкандарга жеңилдетилген насыяны былтыртадан тарта бере баштаган. Быйыл арзан насыяны малчылар да алышмакчы. (EBM)