"Мен Кыргызстанды сүйөм!" акциясы өтөт

Эртең, 14-феврал - Ашыктар күнүнө арналып Бишкекте "Мен Кыргызстанды сүйөм!" акциясы өтөт. Аны "Республика" саясый партиясынын жаштар канаты уюштуруп жатат. Уюмдун координатору Наргиза Ажыбаеванын "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Ала-Тоо аянтында узундугу беш, бийиктиги үч метрлик баннер жайгаштырылат. Ар ким ага өз каалоосун жазып, сүрөткө түшө алат. Куттуктоо баракчалары, "жүрөкчөлөр" таратылат. (RK)