Кыргызстанда ВИЧке чалдыккандардын саны өстү

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги тараткан маалыматта айтылат. Маалыматка ылайык, өткөн жылы өлкө боюнча ВИЧ жугузган 599 адам катталса, алардын 594ү Кыргызстандын жарандары болгон.

Саламаттыкты сактоо министрлиги 2011-жылы ВИЧ жугузуп алган адамдардын саны 29га көбөйгөнүн билдирүүдө. Учурда өлкө боюнча болжол менен 6000 тегерегинде ВИЧ жугузган адам бар экени айтылууда. Алардын 60дан ашуун пайызы Ош облусуна туура келет. Акыркы он жыл аралыгында ВИЧти жыныстык жол менен жугузган учурлар көбөйгөн. (BkA)